элөөсүз
- Байкабастан, көңүл бурбастан, көңүл койбостон.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Орунбай уккан кабарды, / Элөөсүз жумшап адамды, / Көрүп келген көз менен, / Беш урук эли чогулуп, / Болуп жаткан абалды, / Камдап койуп миң балбан, / Орунбай өзү асталап, / Кененимге барганы, / Уккандарын калтырбай, / Бардлык кебин салганы, / Угуп болуп Кененим: / — Ордонун беги Орунбай, / Орунсуз го бул кебиң?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кеп өтүшүп олтуруп, / Найзасын оңдоп Ырыскан, / Кубатайга козголду, / Кокусунан элөөсүз, / Мына мындай иш болду, / Козголуп калган Ырыскан, / Май сооруга бир койду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Элөөсүздөн бир күнү, / Эл бүлдүргөн желмогуз, / Канчык деп айтып салыпмын, / Угуп алып Тапан хан, / Жалмагалы аз калды, / Акыл айтып Тазкара, / Куткарып мени алганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…йгөн от болду, / Күндүн көзүн чаң алды, / Күн көрүнбөй тунарды, / Чаң арыла бергинче, / Чакчайып бетпак турганы, / Чаңдан чыгып Семетей, / Атырылтып удаанды, / Элөөсүз турган чочкону, / Далыдан нары бир сайды, / Үзөңгүдөн бут тайды, / Ээрден көчүк бултайды; / Жыгылбай чочко оңолду, / Кайратына карк толду, / Ошол үчүн бул каап…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
— / Деп, ошентип Канчоро, / Чачыкей менен сүйлөшүп, / Өзүнө жакын кишиден, / Элөөсүз жүргөн кишини, / Хан Кыйазга атказды, / Мына мындай кат жазды: / «Уч атаңдан бер жакка, / Хандыгың, киши албаган, / Карлыкка сени салбаган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →