элөөрү
- Аябай тынчы кетип, бир орунга тура албай кызыгуу, эмне кылаарын билбей кайпактоо, кумарлана берүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жакшы айтып келсең жалооруп, / Ар ишиңди кечейин, / Өчөшүп келсең элөөрүп, / Так башыңды кесейин” / Деп ойлонуп Кененим, / Жалгыз жүрүп көптү алган, / Нойубаган эреним, / Эрлик жолдон тайбаган, / Эч кимге алын айтпаган, / Көрүнүп ажа…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Он беш күн болгон байлаган, / Куштан бетер таптаган, / Туш-тушту карап элөөрүп, / Аркардай көзү жайнаган, / Курсагын жыйып тартылтып, / Күндө секин бастырып, / Күлүгүн суутуп турган кез, / Кадаага бийик астырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Элөөрүгөн Сейитим, / Эрдик эмей неткени, / Тоо көчкөндөй чоң Тете, / Томкорулуп кеткени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…ргурдун ошондо, / Сакалы менен муруту, / Тиктенип чыкты саксайып, / Түкүрүп колго сунганда, / Ач билектен аларда, / Алы келсе сүйрөтүп, / Ат сооруга саларда, / Элөөрүп турат кыз балбан, / Эки жагын каранып, / Найзаңды бергин дегенсип, / Колун сунуп бер жакка, / Нишарат менен билдирди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Элөөрүгөн Гүлчоро, / Элкин баатыр Канчоро, / Кошойдун уулу Жалгызек, / Коркпой турган Байтайлак, / Короолуу койду бөрү айдап, / Ээн талаага баргандай, / Сай бойлотуп кыргандай, / Кытай, калмак журттарын, / Кырып салды ушундай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →