элүү
- 50 саны, эсеби.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Каарданып хан Жанай, / Жүз элүүчө киши алып, / Чаңбейсенден аттанып, / Ингенге жете барыптыр, / Жолукканды жолтолоп, / Бу да талап алыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Карап турган калкы жок, / Элүү- кыркын бир сайган, / Кадимкидей наркы жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…п келдик Сынчыны, / Канын бериң биздерге, / Өткөн иш өтүп болуптур, / Эндөөлүк кылып койуптур, / Эми Балтанын айткан сөзү бул: / — Алмамбет баатыр, угуп тур, / Элүү төрт илек кол келди, / Айкөл Манас зор келди, / Кара келди, хан келди, / Кары-жашы тең келди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Канчоро менен Чачыкей, / Алдырып келди коргонго, / Элүү миң ашуун эл турду, / Тегеректеп ошондо.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Камыкең алтымыш өгүз, элүү ат, араң кыймылдата турган, темир таяк жасатып алып, он жети жашынан саякатка жөнөйт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →