элчилик

китептерде 9 жолу, 5 китепте
  1. Элчинин милдети, элчинин милдетин аткаруучулук.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Элчиликке жиберер, / Ылгагын элдин карысын, / Тең айтышар эр болсун, / Кетирбей колдун намысын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ачууланып катынга, / Турган кезде Сулаймат, / Кудуска кеткен элчилер, / Келип калды аңгыча: / — Элчилик жолун бүтүрүп, / Барып келдик алыска, / Хан Сулаймат алдыңа. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Учураган чоңдорун, / Эл башкарган зорлорун, / Айдап алып аралга, / Элчиликке келишти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Өзүң көргөн жол менен, / Өзөндүү булак тал менен, / Элчиликке келбесе, / Теңчилик сөзгө кирбесе, / Бакдөөлөттөн бешбетер, / Жекеле жалгыз мен десе, / Жалаң атчан, жалгыз баш, / Кайдан келдиң сен десе, / Коромжуну койбойбуз, / Коркутканга болбойбуз, / Келтиребиз эбине, / Келтиребиз болбосо, / Келбей турган жерине. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
– О, жарыктык, – деди Абылай, – кудалыкка, элчиликке өлүм жок, бир жооп айтат, канга барып кел, ата. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →