элчи

китептерде 157 жолу, 8 китепте
  1. Бир тараптын экинчи бир тарап менен жарашуу, элдешүү, сүйлөшүү ж.б. иштерин жүргүзүүчү ишенимдүү адам, өкүл.
  2. Бир мамлекет менен экинчи мамлекеттин эл аралык байланышын ишке ашыруучу, аны тескөөчү толук ыйгарым укуктуу адам.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бекбача барбы мында, — деп, / Келген элем жок экен, / Мен кетемин Таласка, / Хан Кетиркей ошондо, / Экиге бөлүп санаасын: / «Каңгайдан келген элчиби? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кыйалыңда не болсо, / Кыңк этпей таап берели, / Кылымдын баарын тап десең, / Былк этпей таап келели, / Элчилешип сөз байлап, / Элдешсең эби келеби? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кыргызга элчи салалы, / Сулуу кыз баштап алтын-зар, / Арбын дүнүйө алабы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Береги Талас турмайлык, / Бейжинде белдүү Коңурбай, / Элчилешип келгенде, / Ошону билген зор Бакай, / Бакайга билги бергенге, / Эми болду көөнүм жай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Элчилешип сүйлөштү, / Тил алышып тарашып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →