элкин

китептерде 20 жолу, 7 китепте
  1. Түгөйү жок, жалгыз, жеке, жалгыз өзү.
  2. Ээн, бош, ээн-эркин.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

дөбөт, / Тиши чыгып ырсайып, / Тумшугу менен жер сайып, / Мурдунан каны шорголоп, / Жаныңда калбай жалгыз ит, / Маңгыттардын тобуна, / Качып кирди корголоп, / Элкиндей басып Майтору, / Кетип барат жорголоп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Элкин башым жүргөмүн, / Нечен жоого тийгемин, / Ырас чыным келгенде, / Жүздөндү кырып ийгемин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Ээн жерде Кененим, / Элкин жалгыз бараткан, / Элүү миң аскер, он балбан, / Чиктей хан өзү келаткан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Чыркырап бала ыйласа, / Сиз боор толгоо кыларсыз, / Өкүмүң эки кылбайын, / Өлтүрбөй муну турбайын, / Мага кошуп бергиниң, / Кашындагы уланың, / Өлтүрүп элкин талаада, / Үстүнө таштан жыйайын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Элөөрүгөн Гүлчоро, / Элкин баатыр Канчоро, / Кошойдун уулу Жалгызек, / Коркпой турган Байтайлак, / Короолуу койду бөрү айдап, / Ээн талаага баргандай, / Сай бойлотуп кыргандай, / Кытай, калмак журттарын, / Кырып салды ушундай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →