элжире
- Ичи эзиле жакшы көрүү; мээримдүү мамиле кылуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жаш эмеспи Жагалмай, / Кайта кет деп айтканда, / Сүйүнбөдү элжиреп, / Мен да бирге барам деп / Болбой турду мелтиреп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жалган түш болгон кездерде, / Болжолдуу жерге келди эле, / Эл көргөн жердин болжолу, / Болуп калды эми, деп, / Ким экенин билсем, деп, / Токтобой жүрөк элжиреп, / Тентек шамал чойгулап, / Этек-жеңи делбиреп, / Чыга калса бир белге, / Жаткан экен бир топ жан, / Алды жагы эңкүүдө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кыраандын көөнү бузулуп, / Кызыл жүзү кубулуп, / Атынан түшүп Алмамбет, / Армандуу жүрөк элжиреп, / Көзүндө жашы мончоктоп, / Эриндери эбиреп, / Арыштай басып алыптыр, / Алдынан тосо барыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Токтоно албай Сейитек, / Эшикке чыгып элбиреп, / Сүрөттө кызды көрсөм деп, / Эт жүрөгү элжиреп, / Зулпуке, Чүрөк, Гулнарга, / Жакын келди темтиреп, / Зулпуке, Чүрөк көрүштү, / Бура басып кылт берип, / Буруу үйгө киришти, / Гүлнардын ойго түшкөнүн, / Зулпуке менен Айчүрөк – / Кыраакылар билишти.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Катар баарын байланып, / Каар жүзүнө айланып, / Ачып оозун эстенип, / Мас болгон нардай кеңгиреп, / Эми жеңип алам, деп, / Эт жүрөгү элжиреп: / “Чокмор менен чабайын, / Чокудан жерге казыктай, / Тикесинен кагайын, / Андан кийин кыргызды, / Такыр талап алайын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →