элеңде

китептерде 42 жолу, 9 китепте
  1. Чочугандай, корккондой же шектенгендей түр менен алактоо, алаңдап кароо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ “Тулпар минип барам, — деп, / Кеңколдо жаткан туугандан, / Туйгузбай кабар алам, — деп, / Күлүктү минсем чабам, — деп, / Көрүнүп турган Кеңколго, / Көз ачкынча барам” – деп, / Токтоно албай Мадана, / Басып турат элеңдеп, / Жаш баатыр минди атына, / Бар жарагын белендеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Арамзада Тайталаң, / Жалгыз эрдин үнү, деп, / Бир кишиден башкасы, / Түгөл кыргыз өлдү, деп, / Ордосуна кирем, деп, / Өзүм барып келем, деп, / Кандайлыгын билем, деп, / Желип келет элеңдеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Камынтып Жамгыр кууруптур, / Кечкурун балдар келер, деп, / Кирип чыгып эшикке, / Токтоно албай элеңдеп, / Балта айткан бир кеп бар: / “Жакып, Шыгай бир эле, / Бир катындан эле, — деп, / Тар курсактан тебишкен, / Талашып эмчек эмишкен, / Атам менин Шыгайдын, / Эн… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кулагына киргенде, / Кылчайып артын карабай, / Жолго түштү элеңдеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
— / Деп, элеңдеп турганда, / Карап калды Кызыл дөө, / Көз айырбай бир далай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →