элечек
- Ак кездемеден тегерете кат-кат кылып оролгон аялдардын баш кийими.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…оң сөйкө, / Акыректе жаркылдап, / Эки бут чачпак кызыл чок, / Сегиз буттуу чач теңге, / Аркасында шаркылдап, / Туура тарткы күмүштөн, / Маңдайында жалтылдап, / Элечеги заңкайып, / Кийгени кызыл дейилда, / Келишимдүү залкайып, / Булгаары тердик беш кадак, / Бурчунда, чеге жаркылдап, / Кундуз менен жээктеп, / Куйушканын байлаба…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Баш кишиңди калтырбай, / Баарысын жалмап сорбойбу, / Калың элдин баарысы, / Кара элечек болбойбу, / Кара башың карабай, / Калгандарды ойлойлу, / Таласта өлсөк урушта, / Такыр элге угулат, / Качып барып өлгөндө, / Калганды койо тургула, / Калкың кылат жаман ат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Алтымыш чалды ээрчитип, / Аттанып жолго салыптыр, / Алмамбетти тосом деп, / Бай Жакып жөнөп калыптыр, / Бозжорго минип чайпалып, / Он беш кемпир котчу алып, / Чыйырды жүрдү чалкайып, / Бай Жакыптын Бакдөөлөт, / Он эки катын ээрчитип, / Ак элечек заңкайып, / Алдагы келди даңкайып, / Бай Жакып келет балкылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Карсылдашып жарым күн, / Жер зынданга киргени, / Айтып кебин болгуча, / Ирмебей кирпик тиктеди, / Мен басыла түшкөндө, / Кабаган иттей каңк деди, / Ыргып кетип элечек, / Томолонуп шалк деди, / Бүгүн болду төрт күнчө, / Үйүнө басып кирбеди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Бир жерде жүктүү мал агып бараткан, бир жерде элечеги чубалып, бешиктүү катын агып келе жаткан, бир жерде өлүп, суунун четине тырайып чыгып калган, бир жерде көмөлөнүп сууга кетип бараткан баласына чыркырап түшө калып жаткан, бир жерде селейген өлүгүнүн жанында боздоп турган...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →