элесте

китептерде 26 жолу, 9 китепте
  1. Бир нерсенин элесин ойго, көз алдыга тартылтуу, көз алдыга келтирүү, эске түшүрүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жоргого минген кишинин, / Таманы ооруп зыркырап, / Томпойдой таштар төбөдө, / Учуп турат чыркырап, / Даңкаңдан учкан топурак, / Чаң созулуп буркурап, / Өтө чыгаан жоргонун, / Койо берсе чылбырын, / Жерге тийбейт дирилдеп, / Жерге тиймек тургайлык, / Көрүнбөйт көзгө элестеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кыйалы калкып асманда, / Көчүп барат Тапан хан, / Ажал жетти өлдүм, деп / Бетиндеги кызылы, / Өчүп барат Тапан хан, / Азыраак калган өмүрү, / Көз алдында элестеп, / Өтүп барат Тапан хан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кыйаз айткан кыздардан, / Тандап бирди алайын, / Көңүлгө жаккан кыз болсо, / Кайда болсо табайын” / Көңүлдө муну элестеп, / Абасы Гүлүс эрди эстеп, / Атактуу Талас жерди эстеп, / Андан кала бергенде, / Бойго жеткен солкулдап, / Буралган талдай кызды эстеп, / Так бүркүттөй кылчаңд… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Тиктеп жатса шылыйып, / Ирмебей көзүн кылыйып, / Элестеген кыраңдан, / Көрүндү көзгө бир неме, / Жакындап келди бугуга, / Карап жатса бир неме. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Атам замандан берки армандын күнү бүтүп, эми алдан бир белгисиз эркиндик элестеп тургандай болуучу. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →