электен
- Жыбыр, быдыр менен капталып калуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алп Жамгырчы далдаңдап, / Ашып-шашып калдаңдап, / Жөөлөп бара жатканда, / Жакыптын уулу Чоңжинди, / Жайдары тууган жаш экен, / Кудай буйруп койгон ат, / Манас деген ат экен, / Туула электен туулгунча, / Айтылып элге жат экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Болжоп жүрдүм Таласта, / Айдай жеңем Айчүрөк, / Сени үч жыл көтөрдү, / Арамкор Кыйаз шек санап, / Электен далай өткөрдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Катты мен окуй электен мурун анын маанисин ал Элебеске түшүндүрүп:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бул үчөө жолго чыга электен мурун Асан:-үчөөбүз кудуктун тактасын үч аталы, кимибиз келсек, тактадан өзүбүздүн огубузду сууруп алалы, келгенибизди ошондон билели, – дейт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →