элей

китептерде 22 жолу, 5 китепте
  1. Таңыркап, селейип, таң калып кароо, туруп калуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Тиктеп калып элейип, / Далайга туруп селейип: / — Алтымыш балбан дайар бол, / Жекеге бирден киребиз, / Найзаңда болот уч болсо, / Билегиңде күч болсо, / Бир күндүк жарык көрөбүз, / Эгер андай болбосо, / Алыска сапар жүрөбүз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Сүйлөсө сөзү бууланган, / Сүйкүмү артык бир улан, / Тигип койгон өргөөгө, / Алып келип кирээрде, / Алдында басты Көкөйүң, / Кызынын жайын билерге, / Башын салса эшиктен, / Байкуш кызы элейип, / Карап калган селейип, / Тартып койгон сүрөттөй, / Жаны жоктой делейип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Мен Кененим дегенде, / Эстен танып элейип, / Тиктеп калып селейип, / Жалдырап тиктеп делейип, / Анык уккан ал айал, / Сынап айтып жатат деп, / Качан болсо өлөмүн, / Ачык сурап билем деп: / — Жана айтчы чыныңды, / Жаздым угуп калдымбы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Угуп Жаңгыр делейип, / Тиктеп калып элейип: / — Катыгүн, Чыңгыш, не дейсиң?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Баркылдап бала үн салды, / Чыгып турган мунары, / Кулап кетер таз калды, / Элдин баары элейип, / Э, дерин Кыйаз биле албай, / Эсинен танды делейип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →