элебей
- Байкабай, бейкапар, байкоосуз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Элебейсиң, билбейсиң, / Илгертен өткөн мындайды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…да, / Араң мында келем” – деп, / Жаага атчу саадактан, / Сууруп алды бир жебе: / — Бул айылда калсын, — деп, / Унчукпастан эч кимге, / Ыргытып ийди жөнөөрдө, / Элебей элдер калыптыр, / Көкөй көрө салыптыр, / Кыргыйдан мурун Торгой кыз, / Эңип окту алыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
экен деп, / Буттары барат тепеңдеп, / Сакалдары эпеңдеп, / Аркасын карап кылчаңдап, / Эми жетет экен, деп, / Балбандары качканда, / Байкап турган Дабытай: / — Элебей калсын Кененим, / Сен, Кесилет, бар, — деди, / Аркасынан туйдурбай, / Аңтара сайып сал, — деди, / Он миң балбан бирге бар, / Туш- тушунан каман сал.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Элебей калды абакем, / Эр энөө деп айтчу эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Семетейдин катыны, / Шаатемир кызы Чачыкей, / Эрке катын атанып, / Жүргөндө жанды элебей, / Айчүрөк келип пас болду, / Семетейге кас болду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →