элдүү
- Эли, журту, ата мекени бар.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…лып, / Тынчын алып чуу салып, / Эки жагын колго алып, / Эптүүлүк менен жагынсам, / Кызматым элге жакканда, / Кыйыгыс болгон чактарда, / Эстүүсүнөн жол сурап, / Элдүүсүнөн кол сурап, / Апкаарытып кай бирөөн, / Ашыктырып сүрбөсөм, / Караганды таңдантып, / Кара жерди чаңдатып, / Барабан согуп баң тартып, / Чуулатып аскер кол тартып…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Элдүү киши эр экен, Сыргак, / Э десе кеби эм экен, Сыргак, / Элсиздин сөзү кем экен, Сыргак!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Келин алдың, эр Гүлүс, / Элдүү болдуң, Айчүрөк, / Ээриңди жыйдың, Сейитек, / Эртеңден калбай кеткиле, / Кыйазды тактан кулатып, / Таласка көчүп жеткиле, / Канчорону сойгондо, / Сыркоргон конуш болгондо, / Ошондо келип Гүлнарды, / Көчүрүп алып кеткиле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Элдүү киши кептенип, / Сенин ачуу кылар эбиң жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →