элдеш

китептерде 4 жолу, 2 китепте
  1. Жоолашкан, касташып, урушуп калган боюнча жүрбөй, өз ара таарынычын жазып, эл болуу, жарашуу, ынтымакка келүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кыйалыңда не болсо, / Кыңк этпей таап берели, / Кылымдын баарын тап десең, / Былк этпей таап келели, / Элчилешип сөз байлап, / Элдешсең эби келеби? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Банус менен Карилип, / Чоңдору бирге отуруп, / Масилетин кылышты, / Акылдарын толтуруп, / Элдешүүнү эп көрдү, / Көбү чайнап баштарын, / Ичинде мындай ой туруп: / “Алдыңкы элдин кегин кууп, / Манас келген турбайбы, / Жыпжылма түптүз кылбайбы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…үндөр чыгып күлүңдөп, / Ажыбайды узатты, / Кыргызга жакын бир күндүк, / Ажыбайды жеткирип, / Кырк бала кайра чубашты, / Муну мындай таштайлы, / Эсен хан, Бакай элдешип, / Бирин бири кел дешип, / Бейжинге барган кыргыздын, / Падышалык тактага, / Мингенинен баштайлы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Элчиге киши жиберип, / Элдешүүгө имерип, / Кыргыздын кебин алалы, / Хан болсун өзү Эсен хан, / Айбандан күлүк кара атты, / Адамдан Коңур баатырды, / Бербей сурап калалы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →