элбире
- Ичи эзилип жакшы көрүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Токтоно албай Сейитек, / Эшикке чыгып элбиреп, / Сүрөттө кызды көрсөм деп, / Эт жүрөгү элжиреп, / Зулпуке, Чүрөк, Гулнарга, / Жакын келди темтиреп, / Зулпуке, Чүрөк көрүштү, / Бура басып кылт берип, / Буруу үйгө киришти, / Гүлнардын ойго түшкөнүн, / Зулпуке менен Айчүрөк – / Кыраакылар билишти.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Ошол кезде Семеңдин, / Кулактары шырылдап, / Чымын кирип алгандай, / Чың-чың этип чыңылдап, / Көзүнүн жээги ачышып, / Тилинин түбү кычышып, / Эт жүрөгү элбиреп, / Бүткөн бойу мемиреп, / Чолпондой көзү жарк этип, / Кулагы угуп шарк этип, / Асманды тиктеп көз бардап, / Жерди карап алаңдап, / Амансыңбы, аба, деп, / Зор Б…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Отуз келин, отуз кыз, / Алдымдан тоссун элбиреп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Гүлчорону көргөндө, / Бүткөн бойу делбиреп, / Жүгүрүп чоро элбиреп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →