экче

китептерде 6 жолу, 3 китепте
  1. Силкүү; калчоо, чайкоо; силкилдетүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жайдын күнү болгондо, / Айран- жуурат, каймак, бал, / Күндүз- түнү жегени, / Кысыр эмди азоотай, / Сүткө бышкан коозудан, / Кыштын күнү жегени, / Кеткен кызы, куыйма жал, / Майлуу уча, карчыга, / Сары май, бал, экчеме, / Боорсок, куймак, токоч нан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бышырып койгон эт болсо, / Керткен казы-жал болсо, / Он-он бештен чогултуп, / Кошкон сары май болсо, / Эзген курут экчеме, / Кайсы дайар бар болсо, / Анан кебин угалы, / Тамакка карды тойгондо. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бай Жакып басып экчеңдеп: / — Алаке, атты тарткын, — деп, / Акмалап турган Алакен, / Аттарды келди жетелеп, / Жаткан үйдөн эр Төлөк, / Көрпөчөнү көтөрөт, / Жете келип Шаатемир, / Аркас… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кырк баланы көргөндө, / Кара бойум экчедим, / Качырган бойдон жеткемин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Капакка салган бал берип, / Каймакка бышкан нан берип, / Экчеме жарма ачкылдан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →