эзелде

китептерде 7 жолу, 6 китепте
  1. Илгери, мурда, башынан.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кастарын тиккен Алашка, / Таманында кор болсун, / Эл үчүн кылган эмгегиң, / Эзелден дениң соо болсун, / Ишиңди кудай оңдосун, / Каз санаган душмандын / Каны агып сел болсун! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Эзелден элдин макалы: / “Эли сүйгөн эр өлбөйт, / Эр жетилткен эл өлбөйт, / Өлсө дагы арбагын, / Тирүү сыйлап жар салып, / Эли эстеп өлтүрбөйт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Түндүктү түгөл башкарган, / Каканга салып калбаны, / Канча сапар мал алган, / Жүктөтүп алтын – зар алган, / Коктукатта туруучу, / Чиктей деген хан болгон, / Эзелден бери калмакка, / Кыргыздан кас болгон, / Азыркысын кыргызга, / Кененим деген баш болгон. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ал жактын жолу аруудур, / Эзелде бизге калган жок, / Атышам — деп, — белин буур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Эзелден энчисине басылгандай, үйгө кирсе дайым ирегеге барып отурмай адаты. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →