эзел
- Эски заман, байыркы заман, дайыма, түбөлүккө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эзелтен бери карата, / Алты хандын элисиң, / Айтканын кабыл алгыла, / Баш булгабай бийлерге, / Баарыңардын бийиңер, / Атын угуп алгыла, / Көлбай бүгүн силерге!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ — Көчө элек ташың бар болсо, / Кумалак өтө зар болсо, / Эрназар деген чал болсо, / Эзелтен тааныш ал болсо, / Ээрчитип бирге ала бар, / Эшик-үйгө таштабай, / Бир сыйра берсин кийимин, / Чыйырдыга айтып бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эзелтен берки көп пайдаң?, / Алсаң келди эмики.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Аркалап жетим баланы, / Чыйырды менен Каныкей, / Кара ханга барыптыр, / Темир тоодо жол тосуп, / Олуйа Бакай калыптыр, / Жаткан Бакай тим жатпай, / Сарытазды жиберип, / Каныштан кабар алыптыр, / Эр жетилип Семетей, / Элин колго алыптыр, / Эрегишкен эзелтен, / Абыке, Көбөш, Жакыпты, / Аймап Семей салыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Ошондуктан, эзелтен жүрөк үшүп жалкотой болгон кургурлар не бир бороондогон айсыз караңгыда, сак жаткан кулактар алда кайдан ызылдап келе жаткан коңгуроонун дабышын уга коюп, төшөктөн ыргып туруп, бүлүк түшүп калар эле...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →