эз

китептерде 76 жолу, 9 китепте
  1. Эрий турган же суюла турган заттарды сууга ж.б. суюктуктарга салып эритүү; суюктукка айландыруу; былжыраган, илээшкен абалга келтирип мыжуу, мыжыгуу.
  2. Бирөөнү малай, кул катары жумшоо, ага эркиндик бербей эксплуатациялоо.
  3. өт. Сөздү майдалап, көбөйтүп сүйлөө; тантуу, маңыздануу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Билейин абдан муну” — деп, / Өзү молдо Медеркан, / “Чигитей” деп кагазга, / Жети жерге чийди эле, / Эзип туруп суу менен, / Тамызып аны оозуна, / Ичирип аны ийди эле, / Алкымдан өтүп болгунча, / Өңүнө кызыл кирди эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Күүлүү найза нетиптир, / Бөйрөктү тепчип кетиптир, / Карчытынан тешилип, / Кош бөйрөгү эзилип, / Желип чыкты Дабытай, / Карышкырдай эсирип, / Жаш балапан жоголду, / Келе жаткан жетилип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…м-улам бат берип, / Жаранын оозун жуудуруп, / Дакиден койуп буудуруп, / Сак жагы менен жаткырып, / Жарага дары жаптырып, / Көк жору өтүн ичирип, / Айуунун өтүн эздирип, / Кажырдын өтүн сыйпатып, / Эбеп-себеп дарынын, / Аны ичинен бердирип, / Апы менен сапыны, / Кутуга экөөн коштуруп, / Тайарлап болуп бардыгын, / Алып келген д… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эркектер улак тартышып, / Урумдан келген кыргыздын, / Эбедени эзилип, / Эт жүрөгү жетилип, / Түйүндүү сыры чечилип, / Жандап келип келиндер, / Акбаланы көрсөтүп, / Көргөндө Гүлнар жүгүнүп, / Башкага чылбыр карматпай, / Атын алды… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Эт жүрөктү эзгени, / Түпкө такыр жеткени / Муну мындай таштайлы, / Семетейдин тукуму, / Сейтектен кепти баштайлы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →