эже

китептерде 88 жолу, 9 китепте
  1. Бир тууган же туугандык жакындыгы бар, жашы улуу кыз же аял.
  2. Өзүнөн улуу аялга, кызга кайрылганда айтылуучу сөз.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Өлбөй тирүү турганда, / Унутуп калбай эжени, / Жылында бирден барабыз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Унутуп калган белемсиң, / Талаага койуп эжемди, / Таң күнү ыйлап жүргөндү? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Семетей, / Мени менен бир тууган, / Тиги Айчүрөк экен, — деп, / Бүгүн болду ашкере, / Кайыпчал атам айткан кеп, / Сүттөн ишим ак эле, / Эл айыңдап жүрбөсүн, / Эжесинен Көкмончок, / Эр талашып жүрөт, деп, / Жүргүн, кыздар, жүргүн” дейт, / Айчүрөккө билгизбей, / Түк кишиге туйгузбай, / Көйкапка кирип кеткен дейт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Бир кезде Алмакан эжем ойдо жок жорукту баштап, эпкиндеп, чыркырап барып төшөктө жаткан энемди басып жыгылды. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Ушуну менен баягы кыз көйнөктү алып, көзүнүн жашын көл кылып, эки эжесинин артынан кетет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →