эге1

китептерде 35 жолу, 8 китепте
  1. Ээ, кожоюн.
  2. Бардыгынын ээси, жаратканы, башкарып турганы б.а. кудай, теңир.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ай балта, кылыч эгешип, / Сен экөөбүз ээрчише, / Чыгып койдук кыргызга, / Карсылдашып теңдешип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Саз чылпылдап суу чыгып, / Какырдар арык коо чыгып, / Эки күнү -эки түн, / Эрикпестен күрөштү, / Эгем өзү билбесе, / Эми кандай болушту. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Эгей, Шыгай – көй баатыр, / Эр Көкчө жыйып алганбы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бир кишиге билгизбей, / Шыбырашып кеңешип, / Хандыкты тартып алууга, / Кайрап азуу эгешип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Агаңа барып кеңешип, / Ай балта кылыч, найзанын, / Курчутуп мизин эгешип, / Атанын уулу болгон соң, / Тууган кылып койгон соң, / Каралды болуп бергиле, / Жат душманга теңдешип, / Күрөшөлү айанбай, / Көркоолор менен белдешип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →