эбире

китептерде 6 жолу, 5 китепте
  1. Ыгы жок, орду жок көп сүйлөө, тынбай сүйлөй берүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ээктери эбиреп, / Жаактары жабырап, / Кеп салышып бабырап, / Коросон,испан элдери, / Кол куушуруп ханына, / Колбуп келип турду эми. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кыраандын көөнү бузулуп, / Кызыл жүзү кубулуп, / Атынан түшүп Алмамбет, / Армандуу жүрөк элжиреп, / Көзүндө жашы мончоктоп, / Эриндери эбиреп, / Арыштай басып алыптыр, / Алдынан тосо барыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
шегим бар, / Силерге айтар кебим бар, / Бакшы бүбү катындан, / Итиркенбей кол салып, / Баланы алган жатындан, / Чычкан ооз, бака көз, / Ээги түшүп калса да, / Эбиреп кыйын тапкан сөз, / Куураган жатын мүйүз көт, / Элден сурап танданып, / Он экини таптырган, / Алты жашар кызым бар, / Аңдытып койуп тыңшатсам, / Бейли жаман кө… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Эбиреген кара бет, / Эбиребей ээгиң бас, / Жабыраган кара бет, / Жабырабай жаагың бас. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Сейит баатыр өлгөндө, / Эр Төштүктүн эбире, / Өлүгүн уулдун көргөнгө, / Айтып кабар бергенге, / Эл чогулуп келгенде, / Чайкалып кыргыз толгондо, / Узатаар маал болгондо, / Чыкпаган экен эшикке, / Эр Кененим болжолдо. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →