эбеп
- Санаа, кайгы, убайым.
- Шектенүү, күдүктөнүү, убайым жеш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көргөн жерде Кененим, / Карап көрүп жарасын, / Мен табам деп, чарасын, / Эбеп менен себептен, / Эзип туруп чапканы, / Кабыгы менен кайыңды, / Тышынан аны чаптады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Эбеп менен себептен, / Кубат менен Медеттен, / Каныкей жасап иштеткен, / Бар дарыны ичирип, / Күн тогузга толгондо, / Кененимдин бойуна, / Койбой жараат бүтүрүп, / Коңторуп картын түшүрүп, / Жаткырып койду уктатып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Келээри менен Каныкей, / Эбеп менен себептен, / Бирмыскал менен Бурулча - / Ал экөөнө жегизген.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Апы менен сапыдан, / Эбеп менен себептен, / Медетке нушту коштуруп, / Кырма кызыл эритип, / Эби менен жуткуруп, / Кылайган жерде оору жок, / Сейтек калды кутулуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Армандуу кылып хан атам, / Арбагы эбеп жөлөбөй, / Манжунун ханы Мадыкан, / Агызып каным койорбу?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →