эбегейсиз
- Абдан, өтө, ченде жок, болжолсуз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кыргыз барып чыгышка, / Беш урук башы биригип, / Беттешип чыккан урушта, / Эбегейсиз жумушта, / Басып кирген кыргыздан, / Уламадан угушта, / Алманбет Чубак тең өлүп, / Музбурчак, Көкчө хан өлүп, / Кырк чоросу Манастын, / Ажыбай баштап көп өлүп,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Күркүрөтүп булгалап, / Күүлүү найза урушту, / Адис болгон берендер, / Бендеден белдүү эрендер, / Эбегейсиз урушту.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Эртеңки болор урушта, / Эбегейсиз жумушта, / Алмамбет, Чубак, Сыргактын, / Телегейин тең көрдүм, / Баарысын жыйнап келгенде, / Сыргакты мыкты эр көрдүм.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Колуң тийип баатырга, / Найза менен сайыпсың, / Кыйазга балта чаптырдың, / Сары мойун койондой, / Бирге өстүң сен экөөң, / Курдаштыкка карабай, / Кечирин кесип алдырдың, / Ыйыгы эле адамдын, / Эбегейсиз кар кылдың!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Буйрук берсе эки жан, / Эбегейсиз көпчүлүк, / Эли кайдан бөлүнсүн?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →