ыңырчак
- Жүк артууга ылайыкталган, көбүнчө өгүзгө токула турган ээр.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ултанга суп тон кийгизди, / Сүрсүгөн эттен жегизди, / Суу-сууда жаткан жоолордун, / Сууруп келип жылкысын, / Сур жорго атка мингизди, / Султандыгын билгизди, / Ыңырчаксыз казакка, / Ак каңгы ээр токутту, / Кечилдери минбес жоргого, / Келиндериң койкойтту, / Каматкыдай текече, / Кургурда күнөө ушубу?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ — “Хандан келген ыңырчак, / Канча күнү туйлайт” деп, / Карылардан калган кеп, / Бул макалдын баары чын, / Айтылбаган жалган кеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →