ыңтайла
- Ыңтайын келтирүү, ыңгайлуу шартка туура келтирүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Мен бая кирип барып, бир аз отургандан кийин, өлүп баратып керээзин айтчу кишидей, биз жакка бир эки мертебе бурулуп, жакшы эле ыңтайлангандай болуп келди да, кайтып: «Эми койчу ары, мен да чарчадым го, өзүңөр билгиле...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Жамат бир мезгилде ушундай жерлердин бирин ыңтайлап, дүкүйгөн бир чычырканак-тын түбүнө бугуп калды да, мени коён айдаганга жиберди.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Омуроосу көбүктөнүп турган атынын тизгинин тартып кетүүгө ыңтайланып жатып орус жигит бирдеме деп калгандан кийин татар:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бул убакта мен кетүүгө ыңтайланып, бир бутумду кайра тартып калган элем.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →