ыңгыра
- Күрүлдөө, күңгүрөнүү.
- Керилүү, бой көтөрүү, баалануу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Келберсиген эр Чубак, / Тарамышка күч жыйнап, / Кезгерип найза сундурду, / Кезенип туруп бир урду, / Как белине найзасы, / Бүктөлүп сынды карс этип, / Ыңгыратып Шапырак, / Көз тунарып шай кетип, / Шалдырай түшүп оңолду, / Ээрдин кезе тиштенип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Беккул жантайып жаткан бойдон ыңгыранып, жүрөгү айнып, кускусу келип турган немедей кабагын чытып:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
«Ушу биз бир балааны тилеп жүрбөйлү» деген кишидей, адегенде тура койбой ыңгыранып, мен жакка бир оонап алды.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →