ыңгайла

китептерде 7 жолу, 5 китепте
  1. Ыңгайын келтирүү, ылайыктоо, тууралоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чыгыш жакты бетке алып, / Түштүк жакка ыңгайлап, / Арстаның кетип бара атат, / Арасырт менен жол тартып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бул үчөө жердеп турган жер, / Сарыкум, Бейтик дер эле, / Батышка башын буруптур, / Түштүктү көздөй ыңгайлап, / Тулпарга камчы уруптур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Пил бутун баса жыгылып, / Оңолуп Майтык тургунча, / Кармап Сыргак колуна, / Как ыргай саптуу айбалта, / «Манастап» катуу айгайлап, / Майтык карай ыңгайлап, / Үзөнгүгө эр Сыргак, / Кобо калып тамандап, / Алдынкы ээрдин бек тиштеп, / Бере көргүн, деп тиштеп, / Туулгасы жок башында, / Кара кушу, деп тиштеп, / Болжол… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Каныкей кеби ырас, деп, / Баруучу жер ырак, деп, / Куржунга салып зар алып, / Бакайдан булар бата алып, / Жолду каттап жат алып, / Таластан чыкты аттанып, / Батыш жакка ыңгайлап, / Түштүктү карай бет алып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Күн батыш көздөй ыңгайлап, / Алтайды көздөй айланды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →