ыштан
- Дамбал, шым.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Аз эле жылдын астында, / Каңгайлар айдап жүргөндө, / Таманыңа шиш кагып, / Куйкаңды карыш тилгенде, / Ыштаныңа сийдиңби?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Муштуму жерге тийиптир, / Чыканактан кириптир, / Колун тартып алганда, / Суу жайыла бериптир, / Көрүп туруп кыргыздын, / Ыштанга көбү сийиптир, / Айтумуш, Чынгыш сүйүнүп, / Бакырышып ийиптир.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
деп, / Көчүгүн ташка лак койуп, / Алаканын шак койуп, / Көктү карап каткырат, / Күлүп атып томсорот, / Ыйлап кетет шолоктоп, / Жылаңайлак, жылаңбаш, / Көйнөк–ыштан кийбеген, / Карандай өзү жылаңач, / Жулуп жатып жок калды, / Башындагы чыккан чач.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кызыгышып бейбактар / Ыштанына сийишип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Каныкейди кар кылды, / Тамтыгы жок кийими, / Бүт ыштанга зар кылды, / Ак калпак кыргыз элинин, / Заманасын тар кылды, / Жедигерден башка элден, / Кол үзүлүп айрылды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →