ышта
- Ыш кылуу, түтүн каптатуу, түтөтүү.
- Чаначты, сабаны ышка кармоо, ыш кылуу аркылуу кымыз ачытууга, кымыз куюуга жарай турган кылып иштетүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…п, / Тым кезинде буудайды, / Сууга таза жуудуруп, / Күнгө жайып кургатып, / Казанга таптап куурутуп, / Адамдын күчү өтсүн деп, / Агарганча тыштарын, / Ушалатып ыштарын, / Тундурган майга чөгөрүп, / Сууганча демдеп көмөрүп, / Аны берет наштада.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Жетиден саба кымызды, / Бир түшкөн киши ичүүчү, / Бир сабага ачытып, / Сары бээден ылгатып, / Сабасын кызыл ыштатып, / Арак тартып кыйлатып, / Атаң Манас ичүүчү, / Алымсынбай аларга, / Кысырдан тандап сойдуруп, / Көөкөргө арак куйдуруп, / Атарын таптап байлашып, / Асынар мылтык шайлатып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →