ычкыр
- Дамбалдын, шымдын кашатына өткөзүп, байланып жүрүү үчүн көбүнчө ичке сызмадай тизилип, чачыкталып жасалган боо.
- Бел курдун бир түрү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эр Кененим элирип, / Эркин аттай желигип, / Эрегишер жолу жок, / Олбуй-солбуй теминип, / Каңкара какшап буту ооруп, / Сынган бутун айабай, / Шишик басып челектей, / Ычкыр кашат, белкырчоо, / Чыгып барды шишиктер.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Мен үмүт менен жол тостум, - / Ырамандын Ырчы уулу, / Ычкыры бапык кырк муундуу, / Өзү бейбаш шоктуу уул, / Айтып турган сөзү бул: / — Уйкудан калып түн катып, / Жол тосупсуң, жеңеке, / Келеби Кошой, келбейби, / Мен көрбөдүм дегеле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ычкыр кашат бел курчоо, / Түрө кармап ошондо, / Тегеретип имерип, / Бирин-бири серпишип, / Серпиштен айла кеткенде, / Торой чалып токтолуп, / Барганча көчүп октолуп,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Жаагы кызыл кан болуп, / Баштары челек, нан болуп, / Алакан тери сойулуп, / Мойнунун каны койунга, / Агып кирет куйулуп, / Ычкыр кашат, бел кырчоо, / Андан жерге агып чубуруп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Мындайга көнгөндөр апийимди жалбыракка ороп туруп, ычкыр кашатына катып алат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →