ысы
- Ысык болуу, ысыктык температурасы көтөрүлүү.
- өт. Ооруп калуу, бир жери ооруп температурасы көтөрүлүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Атамды эстеп кунун кууп, / Жүрөгүм ысып желдеди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Канжаны өтүп зардабы, / Жанында киши калбады, / Ысып кетип чекеси, / Качып жолго салганы, / Хан Коңурду жеди, деп, / Кандай болоор теңи деп, / Калгандары турганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кыз кызыгын эске алып, / Кыткылыктап Тапан хан, / Эртелеп ичип тамагын, / Жатаарга жетпей ашыгып, / Жарыкта чечип чапанын: / Жакын келгин, күйгөнүм, / Жанымды берип сүйгөнүм, / Күндөгүдөн көбүрөөк, / Ысып барат жүрөгүм, / Кирпигиң тиктеп качан деп, / Сени күйүп жүрөмүн, / Өлгүчөктү жолдош деп, / Өмүрүңдү тилейим.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Күн ысый баштады.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Кандын айласы кетип, атып да, кесип да ала албай акыры от менен чыгар деп, тегерете карагайды үйүп, темирди ысытып жатканда, Чыныбек келип коңгуроосунун үнүн чыгарды.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →