ырыстуу

китептерде 5 жолу, 5 китепте
  1. Ырысы бар, насиби бар, таалайлуу, бактылуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ “Суратпай берген күйкөнүн, / Ак шумкарча баасы бар, / Сымбаттуу сулуу жубандын, / Бир кызчалык баркы бар” / “Ырыстуунун үйүнө, / Жуучу келсин, баатыр, деп, / Ырысы жоктун үйүнө, / Доочу келсин такыр” деп, / Макал айтып, кеп жасап, / Кыз сурамай салты бар, / Куш сурамай наркы бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Телегейим тең экен, / Ушуларга туш болгон, / Ырыстуу кыргыз эл экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Он төрт аттын ичинде, / Көргөндө салты башкача, / Кежимден жабуу жабылган, / Жембаштыгы манаттан, / Такта соору тайган төш, / Тамдай болгон Буурул ат, / Ал ырыстуу эрдин малы экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Кандай ырыстуу немелер деп, ойлоп коём. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бул соо адам эмес экен, ырыстуу экен", деп баягылар кайрылып: Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →