ырыскы
- Ичип-жээр, оокат кылаар тиричилик насиби, энчи, дөөлөт.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Же каны тартып Калдыктын, / Ырыскысы оор келип, / Ал үчүн баспай жатабы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ал тогуздун артынан, / Алмаңа келген тартуудан, / Ырыскы шерик малынан, / Куйругу ашкан жалынан, / Кулжадай төшү салынган, / Жал-куйругу түпөктөй, / Сулуулугун карасаң, / Күмбөзгө тарткан сүрөттөй, / Тумшугуна караса…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ырыскысы бүткөндө, / Өмүрүн бирден санатты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Бир тойуучу ырыскы, / Тамагы бар бул иттин, / Ичпей турат бу капыр, / Ошол үчүн көөдөңдөн, / Кылча жаны кыйылып, / Чыкпай турат бу капыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Ырыскымды түгөтпөй, / Эки итке бактырдың, / Эки түгөй күчүктү, / Тууганымдай бел кылдым, / Тулпарды минсем урушка, / Агызып бойун тер кылдым, / Мендей нечен муңдуунун, / Көзүнөн жашын сел кылдың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →