ырыс

китептерде 110 жолу, 10 китепте
  1. Бакты-таалай, насип.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жериңди баккын душманга, / Ат бастырбай сак-сактап, / Ырыстын алды ынтымак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
деп акырып, / Менмин деп бирөө баралбай, / Баарысы келди жабылып, / Чигитейден кеп угуп, / Өлбөй тирүү кет десе, / Ырыска калды жолугуп, / Манжу менен кытайдан, / Калмакта таңгыт бөлүнүп, / Жанупту карай бет алып, / Чубап жолго салыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Жолдон тапкан кылычың – / Өткүрлүгү кылычтай, / Төтөп болгон эренге, / Түгөнбөгөн ырыстай, / Өмүр бойу бек турган, / Убада сөз жылышпай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Керменбайга жолугуп, / Айтып турат ал бала: / — Эр Сейитек баатырдын, / Ырысы өтө чоң экен, / Тосолгосу жок экен, / Ачык жолу шар экен, / Алган зайбы бар экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Ырысты жедик кыргыздар, / Тамыр түптөн кыркылды! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →