ырымда

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Ырым кылуу, ырым болууга ылайыкталган иштерди жасоо, ага ишенич кылуу, үмүттөнүү.
  2. Эмдөө, дубалоо.
  3. өт. Жетиштире, марыта бербесе да, эптеп куру калтырбоонун амалын кылуу, кичинеден жетиштирген болуу, эптеп ырым кылып коюу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Баатырлыгын белгилеп, / Тонун жарды ырымдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ — Кудайды карар Төтөгө, / Көп болбосо ырымдап, / Жеген калың олжо, деп, / Жоодон түшкөн олжону, / Ата уулу кылып бөлөрбү? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →