ырым

китептерде 26 жолу, 5 китепте
  1. Үмүт, тилек үчүн иштелген элдик ишенимдин ар кандай белгилери.
  2. Дарым, дарымдоо жолдору, эм.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Камчыдан чечип бүлдүргө, / Ырымга олжо албады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Үч жыл өттү арадан, / Дагы Жакып ойлонду: / “Адат алып калды бейм, / Мурункудай катынды, / Алып барып салсам бейм, / Ырымы ырым болор, — деп, / Ырысыма уул туулса, / Конушума коноор”, — деп, / Үй курады жаңыдан, / Төрт түлүгү тең үчүн, / Баары өзүнөн табылган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Үч жүз жылкы, беш жүз кой, / Туур жабары кырк бир төө, / Ушул болсун ырымың, / Инек уйдан элүү ал, - / Жигитине буйурду, - / Музой байдын жонуна, / Төрт жүз тилла алгамын, / Дейилданы жаба сал. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кур койбойун, Мадыкан, / Кыргыздан алган олжодон, / Азыраак ырым кылайын! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
— Антпей жүргүлө, ал жакшы ырым эмес! Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →