ырсый

китептерде 8 жолу, 5 китепте
  1. Оозу болор-болбос ачылып күлүү, күлүмсүрөп ыржаюу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Маңдайы дөң тултуйуп, / Мурду жалпак былчыйып, / Үстүңкү ээрди кемиреек, / Тиши чыгып ырсыйып, / Кара бойу мунардай, / Бир колу бар чынардай, / Туурасы көтөк тарыган, / Жер дүңгүрөйт каарынан, / Оозунан көбүк чачылып, / Төбөсү түшкөн көр өңдүү, / Үңүрөй… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кененим деп укканда, / Саргарып өңү бузулуп, / Чечекейдин тамыры, / Кетичүдөй үзүлүп, / Түз карабай шылыйып, / Сүткө тийген күчүктөй, / Жерди тиктеп кылыйып, / Оозу ачылып ырсыйып, / Тышка деми чыгалбай, / Бүткөн бойдо жылуу жок, / Карды көөп дыңкыйып, / Катып калды зыңкыйып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…ай, / Жүргөн экен эки жак, / Кетер жагын тордошуп, / Азууларын аркайтып, / Төрт айагын тартайтып, / Ат өлүгү бир тоодой, / Муруттарын шыпшыйтып, / Ачылып оозун ырсыйтып, / Эр өлүгү ар тоодой. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кабышкан иттей ырсыйып, / Букага минди шапа-шуп, / Ал балтасын алып кырсыйып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Музоолорду бир аңызга таштап коюп, көйнөгүн алдына жайып салып ырсыйып, битин карап отуруптур. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →