ырсакта
- Тишин көрсөтүп ыржактап күлүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чеченсинип чекчеңдеп, / Чыйрак сынып тиртеңдеп, / Эптүүсүнүп ырсактап, / Калпты айтып кыйшактап, / Өзүнчө барып бирөөгө, / Жагынам деп шыйпаңдап, / Анткендерге азыр бол.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Билмексен болуп Мөңкөтай, / Келип кетип шыйпактап, / Кеп салган сайын калп эле, / Күлгөн болуп ырсактап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Жүз кубулуп кылчакташ, / Түлкү болуп бултакташ, / Ашырып сүйлөп эр макташ, / Чала күлүп ырсакташ, / Жалооруп жалган жыртакташ, / Ичинде бүгүп кир сакташ, / Оозу менен оң айтыш, / Билгизбей туруп сыр тартыш, / Арбын билет дөө уулу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Калп эле күлүп ырсактап, / Чөмөрө кийип калпагын, / Көбү келет кыйшактап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
…ктоно албай кыйшактап, / Кудуңдаган неме экен, / Түндө чыккан жылдыздай, / Жымыңдаган неме экен, / Орго салган түлкүдөй, / Кылыңдаган неме экен, / Күлүп сүйлөп ырсактап, / Мылыңдаган неме экен, / Тынбай ирмеп кирпигин, / Кымыңдаган неме экен, / Сомбилекке айтаары, / Ойроттун айткан кеби экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →