ырсай
- Ыржаюу, тишин көрсөтүп күлүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ройду, / Кара жаак булдурсун, / Кармай алды Бекбача, / Камчыны булгап ийгенде, / Канча итке тийгенде, / Оро-пара көп дөбөт, / Айрыкчасы көк дөбөт, / Тиши чыгып ырсайып, / Тумшугу менен жер сайып, / Мурдунан каны шорголоп, / Жаныңда калбай жалгыз ит, / Маңгыттардын тобуна, / Качып кирди корголоп, / Элкиндей басып Майтору, / Ке…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Зыркаары шамал зыркырап, / Учкан куштай дыркырап, / Ырсайып оозу ачылып, / Азуулары кычырап, / Маңдайында эки көз, / Учкундап оту чачылып, / Артынан чаңы сүрүлүп, / Аркасында айдаары, / Аргамжыдай түрүлүп, / Кененимди беттеди, / Жалаңгыч сарык атанган, / Апкаарып мындан кетеби?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…ара маңдайдан, / Эшектей болгон көк дөбөт, / Тумшукка тартып жиберип, / Камчыны тартып алганча, / Тумшугу менен жер сайып, / Өлүп кетти көк дөбөт, / Тиши чыгып ырсайып, / Камчыны булгап ийгенде, / Канча итке тийгенде, / Каны агып шорголоп, / Калган иттин барысы, / Кырчоого такап көчүгүн, / Үй–үйүнө корголоп, / Алдына минген К…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…ой шалкылдап, / Шилекей агып шалпылдап, / Өлчүдөй көзү тиктенип, / Тиштерин чайнап качырап, / Жоолук салбай жылаңбаш, / Чачтары түйдөк саксаңдап, / Күлүп калат ырсайып, / Тили чыгып бултайып, / Асманды тиктеп чакчайып, / Бир жакка мойну кыйшайып, / Аркасын карап кылчайып, / “Акыр-чикир келгин!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Ыркырашып урушат, / Ырсайышып турушат, / Ага чейин аргымак, / Арага түшүп кеп айтат: / “Азаматтын канаты, / Ат болот” деп эл айтат, / Жалганы жок чынды айтат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →