ырп
- Ал, кубат.
- Тууранды сөз: ырп эт.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ойуна кетти Отордун: / “Батай, Катай экөө тең, / Араң турат жандары, / Кара бойу жаралуу, / Ырп этер жок дарманы, / Катар экөөн сулатып, / Канын ичип тойсомбу?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Желдеттери келип кармады, / Көөдөндөн чыкпай бир жаны, / Ырп этерге чама жок, / Жалдырап Шоорук турганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Саздаң жердин беттери, / Көлчүк болуп калбады, / Кайра атына чармашып, / Колуна найза кармады, / Калмактардын Шалкымат, / Ырп этер шайы калбады, / Кененимге жалооруп, / Кебин айта салганы: / — Мен Шалкымат болголу, / Бул өңдүү жумуш болбоду, / Көп киши менен бет келдим, / Сендей баатыр болбоду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
кайтайын, / Он бештеги кыз болуп, / Оолжуй басып барды эле / Пери кызындай көрүндү, / Чачыкей көрдү Чүрөктү, / Жүрөгү кетти кабынан, / Билеги кетти сабынан, / Ырп этерге алы жок, / Айласы кетти абыдан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Көздөн агып кандуу жаш, / Бала баатыр Сомбилек, / Карып болду жалгыз баш, / Ырп этерге ал калбай, / Кырданып калды алсырап, / Ээсинин көрүп абалын, / Эки тайган кыңшылап, / Алда эмне болду?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →