ыркыра

китептерде 8 жолу, 4 китепте
  1. Каап алчудай, тиш салчудай болуп тиштерин ыржайтып ырылдоо.
  2. Арылдап согуу, арылдап катуу жүрүү (шамалга карата).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…Каракаш торгой чулдурап, / Жан-жаныбар кыбырап, / Жандын баары мыдырап, / Зыркаар жүрүп зырылдап, / Жалбырактар дирилдеп, / Дүйшөмбүнүн жери шор, / Шамал жүрүп ыркырап, / Кум да учуп шыркырап, / Күн көрүндү жаркырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Казанбактай нечен таш, / Көккө учуп зыркырап, / Кара сеңир тумшук тоо, / Талкаланды быркырап, / Ушундай ачып өз жолун, / Макил жүрдү ыркырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Асманга отун чачкандай, / Атылып мылтык тарсылдап, / Доолбас үнү карсылдап, / Жолборс-шери ыркырап, / Кулак тунат чуркурап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Мышык келди кыкырап, / Кабааган иттер ыркырап, / Түлкү келди кылыңдап, / Кашкулак жүрөт мулуңдап, / Чөөлөр келди каткырып, / Сыйкыр менен желмогуз, / Жер-жаандын баарысын, / Айбанатка бастырып, / Топону көккө сапырып, / Айууга ийин каздырып, / Көрсөтмөк элге болду эле, / Көп сыйкырын наз кылып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Үйдүн жанында бир эки ит чылапчындагы канды талашып, ыркырап, кабышып жатат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →