ыржый
- Ыржаюу, ырсаюу. [Кайыптын] шалпык эрди ыржыят (Сыдыкбеков). [Жигит] Турарды шылдыңдагандай ыржыйып күлдү (Каимов).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…/ Башын чайкап Майтору, / Баспай турду шылыйып, / Майтору баспай калганын, / Көзү көргөн Калдык хан, / Өзүнчө күлүп жымыйып, / Сүйүнгөнү бөлөкчө, / Оозу ачылып ыржыйып, / Талаадай бети жайылып, / Талпайып мурду мылыйып, / Арамдык кылып жатабы, / Качып кетет экен, деп, / Имере тартып тизгинин, / Абдан байкап көз салып, / Тикте…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ме экен, / Бетине батпай балчыйып, / Өңү кара көмүрдөй, / Көзү кайнап жылчыйып, / Тармалдашып сакалы, / Узун-кыска кырчылып, / Тиши чыгат агарып, / Ачылып оозу ыржыйып, / Кулагы пилдей калдаңдап, / Этеги кетип далбаңдап, / Боосу узун үзөңгү, / Эки буту салбаңдап, / Таноосу көөп кетиптир, / Текечердей барбаңдап, / Туураланып а…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…енде, / Айабаймын агадан, / Шаар беремин дегенде, / Баш тартпаймын өлүмдөн, / Барды берем дегенде, / Арам сийдик бул доңуз, / Кара нээт болжогус, / Оозу ачылып ыржыйып, / Көзүнүн жашы кылгырып, / Уйалбай айтат мылжыйып: / — Жашырбай айтам билгенди, / Элдер айтып бергенди, / Мен билбеймин Бекбача, / Ушул жерге келгенди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →