ыржакта
- Мааниси жок сөздөрдү сүйлөп дайынсыз күлө берүү, ырсактоо, ыржалаңдоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көп карайсың артыңды, / Кообуң бардай кылчактап, / Сейиттин өттү дарты, деп / Эчкиресиң бышактап, / Эмине деп алдадың, / Тапан ханды ыржактап?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…дуубетти Сомбилек, / Эми эле сайат жапшырып, / Атабыз минген алтын так, / Бизге берет тапшырып” / Дегенди алып ойуна, / Арам сийдик эки айбан, / Калп эле күлүп ыржактап, / Сойгон түлкү ооздонуп, / Тиштери чыгат ырсактап, / Мойундары токтобой, / Жоор жылкыдай кыйшактап, / Жасап айтып жалганды, / Куйругун булгап шыйпактап, / Кай…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →