ыржай

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Ырсаюу, ырсаңдап тишин көрсөтүп күлүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ң чаап шакылдап, / Көбүргөндөн жабырып, / Көтөрүп алып көөдөнүн, / Учуурчу каздай баркылдап, / Өзөндө сууну бойлогон, / Аңырдан бетер аңкылдап, / Кээ-кээде өзү ыржайып, / Кабаган иттей ажылдап, / Шамалда учкан чар карка, / Чөкө таандай чаркылдап, / Малайларын башкарган, / Кожойундай бартылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Сел каптады түрүлүп, / Чаң арылбай сүрүлүп, / Каман жүрөт корсулдап, / Түлкү жүрөт ыржайып, / Ушунун баарын аралап, / Жалгыз жүрөм мен барып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кара ниет кээ бири / Акылынан жаңылып, / Калп эле күлөт ыржайып, / Ичинде турат кайгырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →