ыргышта
- Башын силкилдетип, атырылып ойноктоо, ойдолоо, ыкчам кызыган жүрүштө болуу.
- Чогоолдонуп бой бербөө, жолотпоо, жаратпоо (адамдын мүнөзүнө карата).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Асыл минген Майтору, / Айбандан эстүү жаныбар / Асылга найза жеткенде, / Октос берип ыргыштап, / Өксүтө берип кеткенде, / Суурулуп найза калганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ыргыштатып Дабытай, / Бактыбайдын найзасын, / Кагып өтүп сайдырбай, / Топчу кулак тору аттан, / Сайып өттү камгактай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Жаш Айдар минген Мааникер, / Жал-куйругу жайылып, / Суулугу жерге салынып, / Ооздук тиштеп кыйгачтап, / Токтоно албай ыргыштап, / Кирип келип чогууга, / Жаш Айдар туруп муну айтар: / — Арстан Манас баштаган, / Чогулуп турган алптарга, / Кебим бар менин айтарга, / Эки күн кийин калгамын…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Көк болотун дат алган, / Көсөм болгон сойулгур, / Ак болоттон дат алган, / Арам өлгүр сойулгур, / Сүзүп барат ыргыштап, / Суу үстүндө кыйкаштап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Оодарылып козголбос, / Адамда мындай тоо болбос, / Козголуп койбой кара таш, / Ботогойдун найзасы, / Токсон барча быркырап, / Найзадан сынган жыгачтар, / Ар кайда учуп чыркырап, / Алдында минген аргымак, / Токтобой турат ыргыштап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →