ыргылжың

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Чечкиндүү эмес, олку-солку, бир жаңсыл эмес, аныкталбаган.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Убайым тартып, кайгы жеп: / “Учурап кайдан калдым, — деп, / Карыбай катып калсамчы, / Калдайган кара талаада, / Калтырбай айтып бокту жеп” / Кет деди деп кете албай, / Же кетпеймин деп айта албай, / Ыргылжың болуп турду эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Ат айабай жүрүптүр, / Сомбилекке жетпесин, / Абыке абдан билиптир, / Кылчайып артын караса, / Кыйалданып Байтерек, / Илең-салаң келаткан: / — Байтерек болбо ыргылжың, / Сен айтканың ырас– чын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
/ Калдуубет келди аңгыча, / Сомбилектин караанын, / Көрүп калды бир чакта, / Бастыралбай ыргылжың, / Ой ойлоду бир канча: / “Төрт айдан бери кыдырып, / Ак карлуу тоону сыдырып, / Жалтырак кара таш басып, / Айырмачтай бел ашып, / Ашууда азап көп тартып, / Чө… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →