ыргай
- Жыттуу гүл ачуучу, сөңгөгү катуу бадал өсүмдүгү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…йда кетип бараткан, / Башкага басып баралбай, / Бабырап кебин салалбай, / Жедигер жетип баралбай, / Жеткирип кебин сала албай, / Тамтаңдап жүрүп эки жыл, / Аты ыргай болгондо, / Бити толуп семирип, / Чоңдугу торгой болгондо, / Алтайга барды уйалбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Чоктой кызыл табылгы, / Колдо камчы баарысы, / Кырчын талдар буралып, / Асман тиреп кайыңы, / Темирден катуу ыргайы, / Чыккан чөбү бүт дары, / Аркар оту, мамыры, / Арбын чөптүн тамыры, / Шыралжын менен бозунач, / Кокон менен сүт тикен, / Кан аккан жерди бүтүргөн, / Чалкан ку…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Үңкүрдүн кара капчыгай, / Анда чыгат чыт ыргай, / Ыргайдын түзүн кыйдырып, / Ыктуусун күнүгө жыйдырып, / Көлөкөдө кургатып, / Жарыгы жоктон шыпшатып: / Катуулугу ыргайдын, / Адам өлчөөр эме эмес, / Жашык-жушук темирден, / Каткан ыргай кем эмес.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алаканын бек кылган, / Душманды көздөй кез эткен, / Пил терисин каптаган, / Кан ыргайга саптаган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
…н, / Кыйын жумуш чыры бар, / Кыргыздан келген баатырдын, / Кыйла сонун сыры бар, / Балта жеген бадырек, / Баатырсынган Сомбилек, / Өлбөй тирүү калды деп, / Как ыргайга саптаган, / Кара кайыш каптаган, / Сыртына коло чырмаган, / Тийген жери ырбаган, / Эшик эңдүү айбалта, / Ойроттун чыры бир канча, / Ийнине арта салыптыр, / Ысы…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →