ырга
- Чайпоо, ары-бери термелтип, элеп ыкшоо (мис, электи, калбырды).
- Ыргалган, термелген абалга келтирүү, теңселтип кыймылдатуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Качырып найза сунганы, / Каарданып Бекбача, / Кармап найза ыргады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Чолпондой көзү жайнаган, / Буудайдай мурут ыргалган, / Кара сур тарткан нурлуу бет, / Карап турчуу жан экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Деп, Дабытай күркүрөп, / Найзасын ыргап кезкерип, / Качырып сала бергенде, / Камбыл тууган Кененим, / Ар иштин жолун так билген, / Даңгыл тууган Кененим, / Тогуз жаштан бер жака, / Тоодой нечен дөө с…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жойкуманы кындады, / Найзаны кармап ыргады, / Өкүрүп атын сабашып, / Ойрон Сыргак баатырга, / Жетти булар жанашып, / Качырып барып эр Сыргак, / Кылт эте берди буйткарып, / Калды булар адашып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Деп, бакырып Кутургур, / Найзасын кармап ыргады, / Гүлүстөн карап турбады, / Бу да найза урганы, / Кутургурдун найзасы, / Так белинен сынганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →